Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:49

Казакстанда Масимов премьер-министр бойдон калат

Премьер-министр Карим Масимов
Премьер-министр Карим Масимов

Президент Нурсултан Назарбаев премьер-министр Карим Масимовду кайра дайындоону сунуш этти. Бул жөнүндө Назарбаевдин маалымат кызматы 29-апрелде Твиттерде кабарлады. Бүгүн эртең менен 74 жаштагы Назарбаев бешинчи жолу президент катары ант берди. 26-апрелде өткөн президенттик шайлоодо Назарбаевди шайлоочулардын 98 % жакыны колдогон. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму шайлоочуларга тандоо мүмкүнчүлүгү берилбеди, добуш берүү мыйзам бузуулар менен өттү деп сындады.

Карим Масимов 49 жашта. Ал өкмөттү 2007-2012-жылдары жетектеген жана былтыр апрелден бери кайрадан премьер-министр.

XS
SM
MD
LG