Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Украинага умтулгандар жана тынчтык издегендер


YouTube сайтына жарыяланган тасмадан бир көрүнүш
YouTube сайтына жарыяланган тасмадан бир көрүнүш

Украинанын чыгышында согушуп жүргөн кыргызстандыктар ачыкка чыгып жаткан маалда Донбасстан Кыргызстанга тынч жашоо издеп качкандардын саны да көбөйдү.

Ал арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Украинага согушка кеткен делгендердин үстүнөн териштирүү башталганын маалымдашты.

Согушка умтулгандар

26-апрелде интернетте Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн Нурлан аттуу кыргызстандык тартылган тасма тараган.

YouTube сайтына “Жаңы Орусиянын каналы” жайгаштырган ал тасмада аскер кийимчен Нурлан аттуу адам өзү тууралуу айтып берет. Ал Кыргызстандан экенин жана “Кыргыз” деген лакап ысым менен орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөнүн баяндайт:​

- Мен Нурланмын. Тарыхый окуяга катышуу үчүн Кыргызстандан келдим. Анан эмне кылайын? Баары эле оозу менен оттойт, бул жакка келгилери жок. Маанайым жогору, согушууга даярмын. Ар ким эле бул жакка келип, окко учуп өлгүсү келбейт, өкүнүчтүү албетте. Бишкекке салам!

Украинадагы кыргыз согушкерии тартылган видео Казакстан Донбасстагы жикчилдер тарапта согушуп келген жаранын үч жылга эркинен ажыраткандан кийин пайда болду.

Донбасс аймагында согуш аракеттерине катышып жүргөн кыргызстандыктар тууралуу буга чейин март айында “Азаттыкка” Луганск аймагында жикчилдер тарапта согушуп келдим деген Манас аттуу журтташыбыз да кабарлаган болчу. Анын айтымында, Украина чыгышындагы жаңжалга кеминде жыйырмага чукул кыргыз жигит катышууда.

"Украинага согушка 17 адам болуп барганбыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:55 0:00

Деген менен ушул күнгө чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Донбасстагы кыргызстандыктар тууралуу маалымат жок экенин айтып келет. Мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов кыргызмын деп видеого түшкөн адамдын тек жайы териштирүүгө алынганын билдирди.

Айрым байкоочулар Украина чыгышындагы жаңжалга кыргыз жарандарынын тартылышын мамлекет көңүлгө албай жатканына тынчсыздануусун билдирип чыгышты.

Коомдук ишмер Кайып Шер Бишкектеги айрым орусиячыл уюшмалар тымызын Донбасска азгырып жаткандыгы тууралуу маалымат тараганын белгилейт:

- Эмнегедир биздин бийликтегилер бул опурталуу жагдайдын маанилүүлүгүн сезбей жатат. Кооптуу абалга баа бериле элек. Орусияга ыктаган айрым уюмдар жарандарды Донбасска жөнөтүп жатканы тууралуу маалыматтарды угуп жатабыз. Алар мындай аракет менен Кремлге жагынууга аракет жасап жатат деп эсептейм.

Донбасска кыргызстандыктарды азгырууда деп айтылып жаткан уюмдардын бири “Казаки Бишкека” бирикмесине кайрылганыбызда анын жетекчиси, атаман Сергей Швабенланд айтылган маалыматтарды четке какты.

- Бул толугу менен калп сөздөр. Биз эч кимди азгырган жокпуз. Биз кыргызстандык уюмбуз. Жалаң коомдук иштер менен алектенебиз. Албетте биз үчүн мындай сөздөрдүн айтылып жатканы жагымсыз.

Качкындар Кыргызстандан баш паанек издөөдө

Кыргызстандыктар Украинадагы жаңжалдуу аймакка тартылып жаткан мезгилде, ал жактан Кыргызстанга тынч жай издеп келгендердин саны өсүүдө.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнөн маалымдашкандай, соңку үч айда эле Донбасстын согуш аракеттери жүргөн аймактарынан Кыргызстандан башкалка издеп келгендердин саны 26га жеткен. Алардын арасында Надежда Ивонина да бар. Ал уулу менен мекенин таштап качканда өзү менен кошо документтерин гана алганга үлгүргөн.

- Мен кыргызстандыктарга рахмат айткым келет. Колдон келишинче жардам берип жатышат. Мен азыр эле ал жакта калган сиңдим менен сүйлөштүм. Ал Краматорскто турат. Абал дале кооптуу экенин айтты. Аскерлердин, аскерий учактардын көптүгүнөн тынч уйку жок экен. Ал эми жалданма аскерлер тууралуу айтсам, Донбасстагы тааныштарым айтканына караганда аскерлердин арасында башка улуттагылар көп эле кездешет. Орус эместер. Мен Кыргызстандагы жигиттерге айтар элем, эч нерсеге ишенбегиле, андан көрө өз өлкөңөрдү өнүктүргүлө.

Украина чыгышында өкмөт күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер арасында бир жылдан бери уланып жаткан куралдуу жаңжалда 6000ден ашуун адам каза тапты.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG