Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Кыргызстанга келген украиналыктар көбөйүүдө


Согуштан улам башка өлкөлөргө кетип жаткан украиналыктар. Февраль, 2015-жыл.
Согуштан улам башка өлкөлөргө кетип жаткан украиналыктар. Февраль, 2015-жыл.

Соңку үч айда Украинанын чыгышындагы согуштан улам Кыргызстанга баш паанек издеп келгендердин саны көбөйүүдө.

Ал арада Ооганстандагы маалымат булактары талиптердин чабуулу күчөп, Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга качкан оогандар көбөйгөнүн жазып чыкты.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев Кыргызстанга чет элден келип жаткандар тууралуу “Азаттык” радиосуна айтып берди.

“Азаттык”: Соңку апталарда Ооганстанда талиптердин куралдуу чабуулу күчөгөндүктөн ал жактан качкандар көбөйгөнү, Кыргызстанга жаңы ооган качкындар келе баштаганы айтылып жатат. Бул канчалык ишенимдүү маалымат?

Качкындар бараткан поезд
Качкындар бараткан поезд

Сарыбаев: Жок, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, азая баштады. Жыл башынан бери, тагыраак айтканда, төрт айда 26 адамды каттоого алдык. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 34 ооган жараны башкалка издеп келген. Акыркы эки жылда ооганстандык 98 адам кайрылды. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда 2013-жылдан бери эч кайсы мамлекеттин жараны качкын макамын ала элек. Бирок убактылуу башкалкалоочу катары каттоого туруп жатат.

“Азаттык”: Өткөн жылы Украинадан да Кыргызстанга келип жаткандар болду эле. Башкалка издеп канча украиналык кайрылды?

Сарыбаев: Жалпысынан Украинанын чыгышынан 26 киши келди. Соңку үч айда көбөйө баштады. Мисалы, өткөн жылы 13 адам келсе, быйыл төрт айда эле башкалка сураган украиналыктардын саны 13 болду. Учурда алардын арыздары каралып жатат. Бардыгы өз мамлекетиндеги согуштан улам качып келген. Ошентсе да аябай көбөйдү деп айтууга болбойт. Эки жылда 26 адам келгени – бул анча деле көп эмес.

“Азаттык”: Кыргызстанда ондогон сириялыктар башкалкалап жүргөнү тууралуу да мурда расмий кабарланган. Дагы эле барбы сириялыктар?

Сириядагы качкындар лагеринен бир көрүнүш
Сириядагы качкындар лагеринен бир көрүнүш

Сарыбаев: Ооба, алар башкалкалап жүрүшөт. Жалпысынан Кыргызстанда убактылуу жашап туруу суранычы менен 70 сириялык кайрылган. Алардын 55ине качкын макамы берилген. Акыркы учурда ал жактан келгендер дээрлик жок. Сирия алыс болгондуктан, бизге түз эле ошол жактан келишпейт. Башкалка сурагандардын көбү, дээрлик баары 2011-жылы өз мекенинде согуш башталганга чейин Кыргызстанга келип калган сириялыктар. Айрымдары окуп, кээ бирлери иштеп жүргөн. Арасында кыргызстандык айымдарга үйлөнгөн мырзалар да бар.

“Азаттык”: Эгемендик алгандан бери Кыргызстанга канча адам башкалка издеп кайрылган?

Сарыбаев: 1990 - жылдардын ортосунда Тажикстандагы жарандык согуштан улам 20 миңден ашуун качкын келген. Тынчтык орногондон соң көбү кайтып кетти. Ал эми ал жактагы этникалык кыргыздар биздин өлкөнүн жарандыгын алып бул жакта туруктуу жашап калышты. Ошондой эле 2005-жылы Анжиян окуясында Өзбекстандан миңдеген кишилер өткөн. Алардын дээрлик баары үчүнчү мамлекеттерге чыгып кетишти. Учурда Каракалпакстандан келген кишилер убактылуу жашап жүрүшөт.

Ал эми башкалка издеп келгендер арасынан Кыргызстанда 171 чет өлкөлүк качкын макамын алды. Алардын 113ү ооганстандык, 55и сириялык, үчөө ирандыктар.

XS
SM
MD
LG