“Азаттыктын” өзбек кызматына Ташкенттен ысымы жашыруун калышын каалаган булактар билдиришкендей, камакка алынгандар арасында Өзбекстандын Юстиция министрлигинин сот аткаруучулар департаментинин мурдагы башчысы Жахонгир Гуломов бар.
43 жаштагы Гуломов ага каршы иш козголгондо Казакстанга качып, бирок коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматтары тарабынан кармалып, быйыл апрелде Ташкентке өткөрүлүп берилген.
Сурхандарыя облусунун Термез шаарындагы аскерий трибуналда, иши сотто жабык каралып жаткан Жахонгир Гуломов, маалыматтарга караганда, Каримовдун кызы Гүлнарага жана анын бизнес өнөктөрүнө тиешелүү мүлктөр менен активдерди конфискациялоо ишинин башында тургандардын бири болгон.
Өзбекстандагы тергөө иштери Каримовага караштуу бир нече телеканалдардын, дүкөндөрдүн жабылышына алып барган.
“Азаттыктын” өзбек кызматы тактаган маалыматка караганда, камакка алынып, соттолгон офицерлердин бири - Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын 2013-2014-жылдагы башчысы Жавдат Шарифкожоев.
Гүлнара Каримованын бизнес империясын жоюу ишинде чечүүчү ролду ойногон Шарифкожоев аскерий трибунал тарабынан өткөн жылдын декабрында кесилген.
Офицерлердин камалышы Гүлнаранын кылмыш ишине байланыштуу экени айтылган жок. Расмий түрдө аларга коррупцияга аралашкан, пара алган, кызматынан кыянат пайдаланган, мамлекеттин мүлкүн, акчасын уурдаган деген айыптар коюлган.
Өзбекстанда эң кубаттуу мекеме катары саналган – Улуттук коопсуздук кызматын акыркы жыйырма жылдан бери бир эле киши - Рустам Иноятов жетектейт.
Гүлнара Каримова атасынын айланасындагылар менен жаңжалдаша баштаган кезде Рустам Иноятовду интернет аркылуу ачык айыптап, сындаган болчу. Албетте, Иноятовдун кол алдындагылар Гүлнарага каршы анын жана президент Каримовдун макулдугусуз чара көрө алышмак эмес.
Учурда Швейцарияда жашаган өзбекстандык журналист жана саясат таануучу Алишер Таксанов “Азаттык” менен маегинде офицерлердин камалып, садага чабылып жатышын президент кызынын күнөөсүн тазалоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү катары баалады:
- Негизги максат - Гүлнараны кир суудан кургак чыгарып, ага Өзбекстандын өзүндө жана четте коюлган айыптардын баарынын алынышына жетишүү. Карагыла, бир жыл мурда Каримованын Рустам Мадумаров, Екатерина Клюеева, Гайане Авакиян өңдүү жакын санаалаштары аскерий соттун юрисдикциясына кирбегенине карабай аскерий трибунал тарабынан кесилишти. Гүлнара жасаган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти алышты. Элестетип көрүңүз, алар заводдорго, фабрикаларга, “Өзбекстан аба жолдору” өңдүү стратегиялык ишканаларга тиешелүү ири активдерди уурдашкан деп айыпталышкан. Жөнөкөй адамдар ошол ири ишканалардын акциясын арзандатылган баада алышабы? Албетте мүмкүн эмес. Үй камагында деп айтылган Гүлнаранын дээрлик жарым жылдан бери кабары чыкпаганын, аны коргой турган лондондук фирма орто жолдон айныганын эске алганда, президенттин кызын тазалоо боюнча операция ийгиликтүү жүрүп жатабы деп ойлойм.
Саясат таануучу Алишер Таксанов “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, өзбек бийликтери Европа өлкөлөрү менен мунаса таап, Гүлнара Каримовага тиешелүү камакка алынган жүздөгөн миллион доллар каражаттын бошотулушуна абдан кызыкдар.
Өзбек президентинин кызына байланышкан кылмыш иши Швеция менен Швейцарияда ачылган. Швейцариянын өтүнүчү менен Франция да ага караштуу мүлктөрдү камакка алган.
Үч ири телекоммуникациялык компаниянын Өзбекстандын рыногуна кирүүдө өлкө бийлигине пара бергени боюнча кылмыш ишке өткөн айда америкалык тергөөчүлөр да кызыгуу билдирип, Швейцариядан Гүлнара Каримовага тиешелүү Takiland ltd компаниясынын 30 миллион доллар жаткан банк эсебин жапкан. Ага чейин эле Швейцарияда 800 миллион доллардай каражат камакка алынган болчу.