Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Нарында "Мол булактын" иш кагаздары өрттөлдү


"Мол булак" кичи насыя уюмунун Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында жайгашкан кеңсесиндеги иш кагаздар өрттөлдү. Окуя кечээ, 6-майда болгонун "Азаттыкка" Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Медина Султаналиева билдирди.

Анын айтымында, уюмдун кардарлары кеңсенин тор эшигин сындырып кирип, ал жакта иштеген кызматкерлердин иш кагаздарын жана сактоодо турган насыялык документтерди сыртка алып чыгып өрттөп салышкан. Милициянын маалыматына караганда, кеңсеге 30га чукул аял келген.

Компаниянын аткаруучу директору Айнагүл Самудинованын "Азаттыкка" айтымында, бул акция кимдир бирөөлөр тарабынан атайын уюштурулган болушу ыктымал.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG