Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 10:00

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу кайра ачылды


Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу кайра ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, нөшөр жаандын айынан бүгүн таңкы саат 5те жолдун 58-59-чакырымдарынын аралыгында сел жүрүп, болжол менен 430 куб метрлик кум шагыл сүрүлүп түшкөн. 11 жеңил унаа өтө албай туруп калган.

Саат 10:30да жол толук ачылды. Адам өмүрүнө залака тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG