Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Беларус Кытай үчүн плацдармбы?


Кытай жана Беларус лидерлери. Минск, 10-май, 2015-жыл.
Кытай жана Беларус лидерлери. Минск, 10-май, 2015-жыл.

Кытай президенти Си Цзинпиндин Беларустагы сапары учурунда Бээжин Минскке миллиарддаган доллар насыя убада кылды. Президент Александр Лукашенко өлкөсү Кытай үчүн Европа Биримдиги жана Евразия экономикалык биримдиги ортосундагы плацдарм боло алат деп ырастаганы менен айрым талдоочулар мындан күмөн санашууда.

Президент Александр Лукашенконун ырастоосунда, Кытай менен Беларус азыр алака-катышты өнүктүрүүнүн жаңы - кредиттен инвестициялыкка өтүү деңгээлин калыптандырууда.

Мунун мисалы катары Лукашенко учурда Беларуста ишке ашырылып жаткан эки долбоорду атады.

Алардын бирине ылайык, Кытайдын Geely компаниясы Беларуста жеңил автоунааларды чыгарат.

Экинчиси - тараптар “Улуу Таш” (Великий Камень) деп аталган кытай – беларус индустриалдык паркын курууда. Расмий 2012-жылдан тарта башталган парктын курулушу 30 жылга мерчемделген.

Минскте кытайлык өнөктөшү менен кездешип жатып, беларус лидери анын өлкөсү президент Си Цзинпиндин “Жибек жолу экономикалык корридору”, “21-кылымдын деңиз Жибек жолу” концепцияларын колдоорун баса белгиледи.

Лукашенконун ишениминде, “Беларус Евразия регионундагы бул масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууда байланыш платформасы” катары кызмат кыла алат.

Си Цзинпиндин сапарын утурлай кытайлык ССТВ телеканалындагы маегинде да беларус лидери мына ушул ойго басым жасады:

- Кытай эл республикасынын жардамы менен биз темир жолдорубузду модернизациялап жатабыз. Бүткүл, анын ичинде автомобилдик инфраструктурабызды модернизациялап жатабыз. Бирок, бул эң башкысы эмес, башкысы - плацдарм, платформа. Казакстан менен Орусиядан өтүп келгенден кийин товарлардын, адамдардын кыймылы үчүн логистика керек. Силер Беларустун аймагын биз менен кошо ошол логистиканы түзүү үчүн колдоно аласыңар. Мен сунуш кылдым, биз баштадык. Келгиле, биз силердин кызматка даярбыз.

Лукашенко Кытай үчүн “плацдарм, платформа” дегенде анын өлкөсү Евразия экономикалык союзу менен Евробиримдик чектешкен жерде жайгашканын эске алып жатса керек.

Кытайдын Беларустагы индустриалдык паркы курула турган жер.
Кытайдын Беларустагы индустриалдык паркы курула турган жер.

Бирок минскилик экономист- талдоочу Леонид Злотников Беларус Кытайга Европага кирүүдөгү дарбаза болот деген ойлорго кошулбайт. Талдоочу мунун себебин “Азаттык” менен маегинде төмөнкүчө чечмеледи:

- Кытайга Европага кирүү үчүн плацдармдын эмне кереги бар, эгер ал ошондой плацдармды Европанын өзүндө түзүп жатса. Мисалы Венгрияда. Кытай товарларын жылдыруу максатында ал жерде соода базаларын курууда. Кытай Европага Беларус аркылуу кирүүнү көздөйт деп эсептебейм. Балким, Кытай Беларуста Евразия экономикалык биримдиги үчүн база куруп жатат деп ойлоого болот. Бирок Кытай Орусиянын өзүнө деле кирип алган да. Geely автоунааларын чыгаруу үчүн бизде ишкана курулуп жатканы менен, ал унааларын Кытай Орусиянын өзүндө буга чейин чыгарып, сатууда. Демек, буга деле муктаждык жок. Балким Орусия менен мамиле бузулса, товарлар Беларус аркылуу кетет деген ой бардыр. Бирок мен муну база деп айтпас эле.

Беларустун алдында кытай лидери Казакстан менен Орусияга да токтогон эле.

Москвада Орусиянын мамлекеттик Сбербанкынын Кытайдын Өнүгүү банкынан бир миллиард долларга жакын насыя алуусун караган келишимге кол коюлду.

Кредиттик жамгыр

Минскилик экономист Леонид Злотниковдун пикиринде, кытай –беларус экономикалык кызматташтыгында да, азыр түз инвестицияга караганда кредиттер үстөмдүк кылат:

- Кытай бизди түз инвестицияга эмес, кредитке карк кылууда. Долбоорлорду насыясынын эсебинен каржылап, Беларуста деле көбүнесе өзү үчүн иштеп жатат. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү жабдуулары алынып келинет, жумушчуларын, адистерин жөнөтүүдө. Насыя берип, ошол эле учурда анын кайсы бир бөлүгүн дароо эле кайра артка алып кетип жатат деп айтсак болот. Мен жекем өзүм Кытай Беларуста кандайдыр бир стратегиялык максатты чечкен жок деп ойлойм.

Экономист Злотников Бээжин берип жаткан жаңы кредиттердин беларус экономикасы үчүн пайдалуулугу тууралуу азырынча жыйынтык чыгаруу эртелик кыларын кошумчалады.

Си Цзинпиндин Минсктеги сапарына тушташ жаңы насыя келишимдерине кол коюлду. Аларга ылайык, Кытайдын банктары Беларустун банктарына бир миллиард долларга чейин акчаны 5%га жакын үстөк менен узак мөөнөткө берет. Дүйшөмбүдө Минскте эки өлкө ишкерлеринин бизнес форуму өтүүдө. Беларустун экономика министри Владимир Зиновскийдин айтымында, жалпысынан Бээжин жети миллиард долларга чейин насыя берүүгө даяр.

Анын үч миллиарды жеңилдетилген, төрт миллиарды коммерциялык шартта сунуш кылынууда.

Азыркы сапар учурунда Беларустун Кытайга алдыдагы беш жыл аралыгында 1,3 милллиард долларга калий сатуусун караган келишим да жетишилди. Калий – Беларустун негизги экспорттук товарларынын бири.

Эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү былтыр төрт миллиард доллардан ашкан. Бирок Беларустун Кытайдан импорту экспортко караганда үч миллиард долларга көптүк кылат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG