Непалдагы 12-май күнү болгон дагы бир жер силкинүү 58 адамдын өмүрүн кыйды. Расмий маалыматтарга караганда, алардын 42си Непалдын, 16сы Индиянын тургундары. Айрым маалымат булактары Тибетте да бир адам каза тапканын жазды. Мындан сырткары 1000ден ашуун киши жаракат алган. Дайынсыз кишилерди издөө уланууда.
Силкинүүнүн күчү 7,4 баллга жеткен. Кырсык борбор Катманду менен Эверест тоосу ортосунда, Кытай менен чек арага жакын аймакта болду.
Катуу зилзалага Непал өткөн айда да кабылган. 25-апрелдеги 8 баллга жакын жер титирөөдөн 8 миңден ашуун киши өлүп, 18 миңге жакыны жаракат алган эле. (SE)