Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Жалал-Абад: Сарпашев катышкан жыйында Батыровдун мүлкү боюнча талаш чыкты


Жалал-Абад облустук админстрациясында 18-май күнү биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2010-жылдагы апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандар менен жолугушту. Жыйын учурунда Кадыржан Батыровдун мүлктөрү ушул кезге чейин толук мамлекеттин карамагына өтпөй жаткандыгын айтып, келгендер нааразы болушту. Алар Батыровдун мүлктөрүн өкмөт элге эмес, ишкерлерге берип жатканына каршы экендиктерин билдиришти. Ошондой эле жабырлануучуларга батирлер туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүн айтып, Сарпашев менен кайым айтышуу орун алды.

Ал эми Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик мүлк фондунун алдында Батыровдун мүлктөрү боюнча ишкана түзүлүп, бардыгы ага өткөрүлүп берилгендигин айтты. Ушул тапта кээ бир имараттарды бөлүштүрүү иштери жүрүп жатканын айтты. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG