Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Пакистандын премьер-министри Наваз Шарив баштаган делегация 21-майда Кыргызстанга келет. Шариф жумуш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугат. Эки тараптуу жолугушууларда саясий диалогду өркүндөтүү, соода-экономикалык кызматташтык, аймактык коопсуздук маселелери талкууланат.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда мыйзамсыз маңзат ташууга каршы күрөшүү жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу багытында эки тараптуу келишимге кол коюлат. (КЕ)