Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

АКШнын аба күчтөрү космоско табышмактуу спутник учурду


Х-37В спутнигин Atlas V ракетсы космоско алып жөнөгөн учур. Канаверал тумшугундагы космодром. Флорида. 20-май 2015
Х-37В спутнигин Atlas V ракетсы космоско алып жөнөгөн учур. Канаверал тумшугундагы космодром. Флорида. 20-май 2015

X-37B мини-шаттл AтласV ракетасы менен 20-майда таңга жуук Канаверал тумшугундагы космодромдон учурулганы кабарланды. Бул мини-шаттлдын төртүнчү космостук сапары. Анын акыркы миссиясы 675 күнгө уланып, кийин Калифорнияга кондурулган.

Бул ирет спутниктин космосто канча күн болору же миссиясы качан аяктары маалымдалбады. Видеотасмада көрсөтүлгөнгө караганда, X-37B АКШнын космостук агенттиги - НАСАнын спутниктеринин кичинекей нускасы сыяктуу. Адамсыз мини-шаттл космоско тигинен учуп, жерге учактардай эле келип конот; ага көптөгөн илимий жабдуулар орнотулган.

XS
SM
MD
LG