Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жолугушуу өтүүдө


Чек аранын такталбаганы ар кандай чыр-чатактардын чыгышына себеп. Баткен, Жеке Өрүк. 8-май, 2014-жыл
Чек аранын такталбаганы ар кандай чыр-чатактардын чыгышына себеп. Баткен, Жеке Өрүк. 8-май, 2014-жыл

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги сүйлөшүүсү ушул жумада Баткенде өтүп жатат. Кыргыз тараптан жумушчу топту өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров жетектеп жүрөт. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" маалымдашты. Жолугушууда тараптар буга чейинки сүйлөшүүдө болжолдуу макулдашкан чек ара бөлүктөрүн кыдырып карап чыгышууда.

Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырым. Буга чейин анын жалаң тоо кыркалары аркылуу өткөн 519 чакырымы гана такталган. Чек араны тактоо иштери өрөөндүү аймактарга келгени таптакыр жылбай калган. Буга чек аралардын чырмалыша жайгашканы жана тараптар чек ара тактоонун укуктук негиздеринде пикир таба албай жатышы себеп болуп келет.

Тараптар бул жолу талаш туудурбаган жерлерди азыркы шарттуу чек ара боюнча тактай берүүнү чечишкен. (JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG