Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

АКШ президенти “ИМ” менен күрөштө утулган жокпуз деп эсептейт


Барак Обама бул тууралуу The Atlantic журналындагы интервьюсунда билдирди.

Ал Ирактын Рамади шаарын “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери ээлеп алышын “тактикалык артка кетүү” деп атады, бирок “менимче биз согушкерлерге каршы күрөштү уттуруп жаткан жокпуз”,- деп белгиледи.

Ирактын Анбар провинциясынын борбору Рамадини ИМ тобу дээрлик бир аптадан бери көзөмөлдөп жатат.

Ал эми кечээ алар Сириянын байыркы Палмира шаарын басып алышты.

Учурда Рамадиден 20 чакырымдай чыгыш тарапта Ирактын коопсуздук күчтөрү жана шиит кошуундары шаарды кайра алуу үчүн контрчабуулга даярданууда.

Кечээ АКШ Ирактын өкмөтүнө аскерий жардам иретинде танкка каршы куралдан 1000 даананы келерки айда жөнөтөрү кабарланган.(UE)

XS
SM
MD
LG