Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Президент бүгүн Ошто сапарын улантат


Жер көчкүдөн набыт кеткендердин жакындары менен жолугушуу учуру. Сузак, 25-май, 2015-жыл
Жер көчкүдөн набыт кеткендердин жакындары менен жолугушуу учуру. Сузак, 25-май, 2015-жыл

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Оштогу активдүү аксакалдар, аялдар жана жаштардын өкүлдөрү менен жолугушат. Андан тышкары Араван районундагы Керме-Тоо, Маңгыт айылдарына барып, ал жактагы мектептердин абалы менен таанышат. Ошондой эле райондун Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Жаңы-Абат, Төбө-Коргон айылдарын кыдырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди.

Түштөн кийин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кара-Суу районундагы жатак мектептин да абалы менен таанышат.

Президент жакынкы күндөрү Баткенге барышы күтүлүүдө.

Алмазбек Атамбаев 25-май күнү Жалал-Абадга барып, Сузактагы жер көчкүдөн жабыркагандар менен жолуккан. Кечээ облустагы активдер менен жолугушуп, Көк-Жаңгактагы аскер бөлүгүнүн ачылышына катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG