Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Судья Сооронкулова: Сот бийлигине басым жасалууда


Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Клара Сооронкулова биометрикалык каттоо боюнча сот жараянындагы окуяны сот бийлигине басым деп атоодо. Мындай пикирин ал бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин аныктап берүү арызы менен Конституциялык палатага адвокат Нурбек Токтакунов кайрылган болчу. Клара Сооронкулова бул жараянда судья баяндамачы болуп дайындалган. Ал биометрикалык маалыматтарды топтоо жарандардын конституциялык укугун бузат деп жүйө келтирген. Бирок мыйзамдын автору катары катышып жаткан Жогорку Кеңештин расмий өкүлдөрү Сооронкуловага ишеним көрсөтпөй чыккан.

Конституциялык палатанын мүчөлөрүнүн Клара Сооронкулованы жараянга катышуудан четтетүү боюнча добушу экиге бөлүнүп, бирок төраганын добушунун үстөмдүгү менен ал ишти кароодон четтетилген. Судья Эмил Өскөнбаев муну негизсиз доомат катары баалап, протест иретинде өзүн да ишти кароодон четтетүүнү суранды. Бирок төрага анын бул өтүнүчүн канааттандырган жок.

Сооронкулова муну сот бийлигинин ишине одоно кийгилишүү катары баалап жатат. (BkA/KJ)

XS
SM
MD
LG