Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Кудрин: Орусияда кризис курчуйт


Алексей Кудрин
Алексей Кудрин

Орусиянын мурдагы финансы министри, жарандык демилгелер комитетинин башчысы Алексей Кудрин Орусияда кризис күчүнөн тая элек, ушул жылдын экинчи бөлүгүндө абал мындан да курчуйт деп эсептейт. "Кризистин күчөгөн маалы артта калды деген жаңылыштык, өлкөдө ички дүң өнүм төмөндөшү жылдын экинчи бөлүгүндө биринчисине караганда көп болот", - деди мурдагы министр "Интерфакс" агенттигиндеги маегинде. Анын баамында, ИДП быйыл 4 пайыздай түшүп, экономикалык өнүгүү министрлигинин божомолунан алда канча ашып түшөт. Кудриндин пикиринде, Орусия толук масштабдуу кризисти баштан кечирүүдө жана 2000-жылдан бери жарандардын реалдуу кирешесинин деңгээлинин ылдыйлоосу 7 пайызга жетти.

Алексей Кудрин ошондой эле бийлик структурасына кайтып келүүсүн да четке каккан эмес, бирок келсе өлкөдө реформа жүргүзүү, анын ичинде саясий да реформа жүргүзүү шарты менен гана келерин айткан.

Кудрин орус өкмөтүндө 2000-жылдан 2011-жылга чейин финансы министри болуп турган. Ал 2011-жылы ошол туштагы президент Дмитрий Медведев менен пикир келишпестиктен улам кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG