Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

“Ал-Каида” экинчи адамы Йеменде өлтүрүлгөнүн ырастады


Нассер ал-Вайши. Йеменден 2012-жылы тартылган сүрөт.
Нассер ал-Вайши. Йеменден 2012-жылы тартылган сүрөт.

"Ал-Каиданын” Йемендеги бөлүмүнүн өкүлү Халид Батарфи бүгүн интернеттеги билдирүүсүндө ырастагандай, Нассер ал-Вайши уюмдун башка эки мүчөсү менен бирдикте “АКШ соккусунан” мерт болду.

Халид Батарфи кошумчалагандай, Араб жарым аралындагы “ал-каидачылар” чогулуп, ал-Вайшинин ордуна лидерликке мурдагы аскерий башчы Кассим ал-Раймини дайындашты.

Кезинде Усама бин-Ладендин эң жакынкы адамы болгон Нассер ал-Вайши 12-июнда өлтүрүлгөнүн Йемендин коопсуздук өкүлдөрү да ырастоодо.

Германиянын ДПА агенттигинин маалыматына караганда, учкучсуз башкаруудагы учак “ал-Каида” лидерине каршы соккуну Мукалла шаарында жасаган.

Ал-Вайши “ал-Каиданын” Араб жарым аралын тейлеген жана Айман ал-Завахриден кийинки экинчи кол башчысы болчу. АКШ аны издөө салынган террорчулардын тизмесине киргизген. (UE)

XS
SM
MD
LG