Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Чыналиев: Кыргыз-украин соода алакасы солгундады


Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев

Кыргызстандын Украина менен соода алакасы эмнеге төмөндөдү? Украина чыгышындагы жаңжалды жайгаруу жаатында өзгөрүү барбы?

Донбасс аймагындагы конфликтке кыргызстандыктар катышканбы? "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев жооп берди.

"Азаттык": Украинанын чыгышындагы окуялар, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине жана Орусияга болгон расмий позициясына байланыштуу Киев менен Бишкек кызматташтыгында өзгөрүү байкалдыбы?

Улукбек Чыналиев: Менимче, жок. Украинадагы саясий кризиске чейинки кызматташтык менен андан кийинки кыргыз-украин алакасында, менин оюмча, өзгөрүү байкаларлык эмес. Кызматташтык жакшы нукта жүрүп жатат.

"Азаттык": Украинадагы азыркы жагдай тууралуу айтсаңыз. Жаңжалды жайгаруу жаатында жакшы жакка өзгөрүү барбы?

Улукбек Чыналиев: Жагдайды жайгарууга умтулуу бар. Албетте, абалдын турукташуусун байкаса болот, себеби ага чейин кагылышуулар тез-тез катталып, каза болгондордун саны да көп болчу. Качкындардын агымы жогору эле. Деген менен маселе ошол бойдон калып жатат. Келишпестик, кастык ошол бойдон сакталып турат.

2014-жылдын сентябрындагы, кийинчерээк 2015-жылдын февралындагы Минск келишимдерине ылайык, бир нече позициялар иштелип чыккан. Анда Украинага конституциялык реформа жүргүзүү сунушталган болчу. Андагы башкы маселе - аймактарга көбүрөөк эркиндик берүү. Луганск менен Донецктин талаптары да ушуга үндөш болуп жатпайбы. Алардын көз карашы, Украинанын курмында калып, бирок көбүрөөк укуктарды сактап калуу. Учурда конституциялык реформа жүрүп жатат. Азырынча региондорго кандай укуктар берилээри аныкталууда.

Башынан бул сунуштун максаты эмнеде жатат? Бул Донецктин, Лугансктын талаптарын кандайдыр бир деңгээлде канааттандыруу болмок. Демек, конституциялык өзгөртүүлөр аймактагы стабилдүүлүккө жол ачмак.

"Азаттык": Коомчулукта Украинанын чыгышында согушуп жүргөн кыргызстандык тууралуу тараган тасма талкууга алынган. Кыргызстандыктар канчалык деңгээлде бул жаңжалга аралашууда? Сиздерде бул тууралуу маалымат барбы?

Улукбек Чыналиев: Биздин төрт кишибиз эл аралык уюмдардын катарында Украинанын чыгышындагы окуяларга байкоо салып жүрөт. Ушул маалыматтар тараганда мен да ошол өкүлдөрүбүзгө суроо салдым. Алар бардык маалыматтарды четке кагышты. Биз Украинанын күч түзүмдөрүнө да суроо салганыбызда алар да кыргызстандыктар тууралуу маалымат түшө электигин айтышкан.

"Азаттык": Суроо салганым, учурда дагы коомчулукта Донбасска Кыргызстандан адамдарды азгыруу жүрүп жатат деген маалыматтар айтылууда.

Улукбек Чыналиев: Менде андай маалымат жок. Бул жалган маалыматтар. Эгер кыргызстандыктар болгондо Киевден эле расмий маалымат түшмөк да. Бизге Кыргызстандын да күч түзүмдөрү сураштырган. Бул эми коопсуздук органдын компетенциясы болгондуктан, биз расмий мааалыматтарга таянабыз. Чагымчылдык болушу мүмкүн. Канчалаган жалган маалыматтар жарыяланып жатканын өзүңүз да жакшы билсеңиз керек. Атайын сайттар ачылып жатат.

"Азаттык": Украинада жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктардын жагдайы кандай болду экен? Акыркы окуялардан кийин кыйынчылыктар болгон жокпу?

Улукбек Чыналиев: Украинада алты миңге жакын кыргызстандык бар. Биз кыргыздардын диаспоралары менен тынымсыз байланышта турабыз. Украинадагы соңку окуяларда ден соолугуна зыян келүү же каза болуу катталган жок. Соңку өзгөрүүлөр кыргыз-украин соода-экономикалык кызматташтыгына таасир берди. Башкача айтканда бул жаатта абал төмөндөдү.

Алып карасак, 2013-жылдын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 168 млн. долларды түзсө, 2014-жылдын этегинде бул сумма 109 млн. доллар болгон. Ишкердик жаатындагы кызматташтыкта Кыргызстан тараптан солгундоо көбүрөөк байкалат. Бул ишкерлердин Украинадагы окуяларды угуп кооптонуусунан улам болушу мүмкүн. Ишкерлер Украинага каттоодон кооптонуп жатышат. Кыргызстандыктар негизинен соода-сатык жаатында кызматташат.

"Азаттык": Негизинен эмнелер ташылат?

Улукбек Чыналиев: Украинадан Кыргызстанга шекер, дары-дармек, тамак-аш майы жана башка азык-түлүк келет. Кыргызстан Украинага негизинен төө буурчак, күрүч, электромашиналарды экспорттойт.

"Азаттык": Кыргызстан Орусия түзгөн Евразия экономикалык биримдигине бет алды. Бул украин-кыргыз соода алакасына кандай таасир этиши мүмкүн?

Улукбек Чыналиев: Менин ишенимимде, эч кандай тескери таасир бербейт. Тескерисинче, жаңы кызматташууларга жол ачат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG