Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

ИМ тобу борбор азиялыктарды азгырууда


ИМ тобуна кошулган тажик полковник Гүлмурод Халимов
ИМ тобуна кошулган тажик полковник Гүлмурод Халимов

Жакынкы Чыгышта өзүн Ислам мамлекети деп атап алган аймакта согушуп жүргөн куралдуу топтор өз катарына жаңы адамдарды Борбор Азиядан тартууда. Экстремисттик топторго жаштар эмне себептен кошулат жана аларды токтотуп калуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек?

Бириккен улуттар уюмунун эсептөөсүнө караганда, 100дөн ашуун өлкөдөн барган 25 миңдей киши колуна курал алып, радикал топтордун катарында согушуп жүрүшөт. АКШнын Терроризмге каршы борбору Тажикстан менен Кыргызстандан жүздөгөн, Казакстандан миңден ашуун киши “Ислам мамлекетине” кошулган деген сандарды келтирет.

Нью-Жерси штатынан чыккан конгрессмен Крис Смит алтургай мамлекеттик кызматкерлер радикал топко кирип кеткен фактылар бардыгын айтып, июндун башында экстремисттерге кошулганын жар салган полковник Гүлмурод Халимовду мисал келтирди. “Тажикстандын терроризмге каршы күрөшүү программасынын жетекчиси, Кошмо Штаттардын өкмөтү каржылаган программа боюнча атайын даярдоодон өткөн адис кызмат ордун таштап, "Ислам мамлекетине" кошулуп кетти”.

Адистердин айтуусу боюнча Борбор Азиядагы башкаруучу режимдердин катаал саясаты адамдардын радикал топторго аралашуусуна түрткү болууда. Кеңири кулач жайган коррупция, мыйзамдын алсыздыгы жана адам укуктарынын одоно бузулганы бир жагынан түртсө, экинчи жагынан жумушсуздардын калың катмары туңгуюктан улам экстремисттерге кошулууга бет алууда.

Айрым куралчан топтор социалдык медианы да активдүү колдонууну өздөштүргөн. Кошмо Штаттар башка өлкөлөр менен социалдык медиада террористтик чакырыктарды жайылтуу жана куралдуу топторго азгыруунун жолдоруна бөгөт коюуга аракеттенүүдө.

Улуттук коопсуздук комитетинин Терроризмге каршы борборунун жетекчиси Таалай ЖапаровКыргызстандан кеткендердин 40% интернет аркылуу маалымат алып, анан ошол жакка тартылгандар. Интернет сайттарда кадимкидей үгүт жүрүп, маалымат берилип, чакырыктар айтылууда” деген адис төрт миңдей ар кандай сайттар экстремисттик мүнөздөгү маалымат таратарын “Азаттыкка” курган маегинде айткан.

Ошол эле маалда эксперттер улуттук өкмөттөр экономикасын өнүктүрүп, адамдарды өз мекенинде иш менен камсыздай алса гана мындай коркунуч басаңдарын белгилешет. Ошондой эле үйүнөн алыс, сыртта иштеп жүргөн эмгек мигранттары куралдуу топтордун азгырыгына оңой илинет.

Мамлекеттик катчынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Даниэл Розенблюм “Азырынча так статистика жок, андай болсо дагы иликтөөлөр көрсөткөндөй, Сирия менен Ирактагы борбор азиялык согушкерлер негизинен миллиондоп Орусияда жүргөн жеринен торго илингендер” дейт.

Жорж Вашингтон университетинин кибер жана коопсуздукту иликтөөлөр борборунун директору Фрэнк Силиффо “Ар бир өлкө өз коомун билет, андыктан мындай иштерди аныктоо, алдын алуу жана тиешелүү чараларды көрүү алардын колундагы иш" деп белгилейт.

Адистер болсо Борбор Азиядагы өкмөттөргө адам укуктарын жакшыртууга, улуттук азчылыктарга көңүл бурууга, аларды мамлекеттин ишине тартууга кеңеш берет.

("Америка добушу" радиосу менен "Азаттыктын" казак кызматынын видеосу)

Кыргыз бийликтеринин расмий маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 400гө жакындап калды. Ар кандай жолдор менен азгырыкка киргендер көбүнесе 16дан 28ге чейинки жаштар. Жакынкы Чыгышта эмне болуп жатканы менен иши жокторду эс алууга, окууга же жумуш беребиз деген убада менен азгырышат. Алыстагы от күйгөн согушка аялдар менен балдар кетип жатканы да белгилүү.

XS
SM
MD
LG