Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып тургандар кечээ, 17-июнда нааразычылык билдирип, камералардын ичинде ызы-чуу көтөрүшкөн. Бул тууралуу "Кылым шамы" адам укугун коргоо борборунун өкүлү Абдуназар Маматисламов "Азаттыкка" билдирди.
"Камера ичинде жаткан бир адам курсагын тилип, аны ооруканага алып барган учурда качып кеткен. Ошондуктан милиция кызматкерлери камера ичиндегилерди жазалоо максатында тамак бербей, сыртта турган жакындары менен жолуктурбай коюшкан. Мындан улам алар нааразычылык билдиргенде облустук ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы кызматкерлери келип, төрт камерада жаткан жарандарды коридорго алып чыгып, сабашкандыгын алардын жакындары айтышты. Алар сыртта туруп кыйкырык, ызы-чууларды угушкан. Кээ бирлеринин денеси көк-ала болуп, күч колдонулганы билинип турат" - дейт Маматисламов.
Ал эми Сузак райондук милициянын башчысы Нурбек Жаныбеков качып кеткен жаран кармалгандыгын билдирип, камера ичинде ызы-чуу салгандарды сыртка алып чыгып түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүшкөнүн айтууда.
Бүгүн бул жагдайды Кыйноолорго каршы улуттук борбордук кызматкерлери да териштирип жатат. Сузактагы убактылуу кармоочу жайда учурда 34 жаран кармалууда. (RsK)