Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Түрмөлөрдөн беш ай ичинде 2000 телефон чогултулган


Бул туурасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы ыкчам режим башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Энтериев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан боюнча жалгыз №50 абакта эле телефондук байланышка бөгөт кое турган жабдык коюлган. Калгандарында жок. Кылмышкерлерге чөнтөк телефондор туугандары аркылуу жетип калат, айрым учурда абак кызматкерлери дагы кол кабыш кылган учурлар кездешет. Жазасын өтөп жаткан кылмышкерлер чөнтөк телефону аркылуу сырткы дүйнө менен байланышып, ар кандай шылуундук аракеттерди жасап, акча табышат.

Кыргызстанда ушул тапта 30га жакын жабык жай бар. Анда 15 миңге жакын жаран жазасын өтөөдө.(AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG