Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Freedom House: Кыргызстанда баңгилердин укугу бузулууда


Кыргызстанда маңзат колдонуучулардын укуктары бузулууда. Бул тууралуу бүгүн Freedom House эл аралык уюму тараткан билдирүүдө айтылат.

Аталган уюм «Кыргыз Индиго» коомдук бирикмеси менен бирге бүгүн Бишкекте жыйын өткөрүп, баңгилердин укуктук абалын талкуулады. Анда маңзат колдонуучулар паспорт алуу, дарылануу жагынан түрдүү чектөөлөргө кабылып жатканын жана милиция кызматкерлеринин кодулоосуна, метадон таратылуучу жайларда орой мамилеге кабыларын айтышты.

Жыйынга бейөкмөт уюмдардын, мамлекеттик структуралардын жана донор уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда Наркологиялык борбордун каттоосуна алынгандардын саны 9-10 миңдин тегерегинде экенин, бирок каттого алынбай жүргөндөр бир нече эсе жогору, алардын арасында көбү өспүрүмдөр экенин расмийлер айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG