Аталган борбор калктын аз камсыздалган катмарына укуктук жана башка колдоо көрсөткөн жарандык коомдук уюмдарга юридикалык кеңештерди берип турат.
Жаңы интернет сайт мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоонун негизги механизмдери тууралуу маалыматтарды камтыйт. Ресурстук борбордо онлайн форум ар дайым иште болуп, ал аркылуу юрист бейөкмөт уюмдардан түшкөн суроолорго жооп берип турат.
Бул платформа “Кыргызстандагы укукту бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчтөндүрүү” долбоорунун алкагында түзүлүүдө.
Ал Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен Борбор Азиянын Евразия фонду, ACTED жана “Адилет” укуктук клиникасы тарабынан ишке ашырылганы жатат. (AzK)