Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ирандын өзөктүк программасына арналган сүйлөшүү дагы уланат


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Федерика Могерини сүйлөшүүлөр дагы бир нече күн уланарын билдирди. Мурдараак, сүйлөшүүнүн акыркы мөөнөтү кеминде 7-июлда болот деп айтылган эле.

АКШда Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүү 10-июлга чейин узарат деп билдиришти.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 7-июлда билдиргенине караганда, акыркы келишимдерге жетишүү үчүн дагы бир нече маселелерди макулдашуу керек, арасында курал сатууга киргизилген эл аралык эмбарго да бар.

Венада өтүп жаткан сүйлөшүү Иран менен АКШ, Орусия, Британия, Франция, Кытай жана Германиянын катышуусунда он жылдан бери уланып келе жатат.

XS
SM
MD
LG