Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

ФИФА рейтингинде Кыргызстан 20 тепкич көтөрүлдү


ФИФА жадыбалы.
ФИФА жадыбалы.

Кыргызстандын футбол курамасы дүйнөлүк рейтингде 20 тепкич жогору көтөрүлүп, 157-орунга чыкты. Бир ай мурун 177-катарда болчу. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) жаңы рейтингди 9-июлда жарыялады.

Серепчилер кыргыз футболунун бул ийгилиги өткөн айда Бишкекте өткөн Кыргызстан-Австралия беттешине байланыштуу экенин айтып жатышат. Ал оюн 1:2 эсебинде Австралиянын пайдасына чечилгени менен кыргызстандыктар мыкты оюн көрсөткөнү баса белгиленген.

FIFA рейтингинде коңшу мамлекеттерден Өзбекстан 75, Казакстан 142, Тажикстан 149, Түркмөнстан 152-орундарда.

Дүйнө боюнча жадыбалдын биринчи катарында Аргентина, экинчи Германия, үчүнчү Бельгия турат. (ECh\SE)

XS
SM
MD
LG