Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:43

Сауд Арабияда ханзаада ал-Фейсал көз жумду


Сауд Арабия ханзаадасы, мурдагы тышкы иштер министр Сауд ал-Фейсал көз жумду. Ал АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы өз үйүндө, оорудан улам 75 жашында кайтыш болгонун жергиликтүү булактар кабарлады. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-июлда Меке шаарында өтөт.

Ал-Фейсал 40 жыл бою мамлекеттин сырткы саясатын жүргүзгөн. Өлкөнүн эң абройлуу кишилеринин бири катары таанылган. Быйыл апрель айында ден соолугуна байланыштуу отставкага кеткен эле. (SE)

 

XS
SM
MD
LG