Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Жапония: Аскерлерди чет жерге жиберүүгө парламенттин төмөнкү палатасы макул


Жапония парламентинин төмөнкү палатасы Жапония аскерлеринин чет жерде аскердик иш-аракеттерге катышуусуна уруксат берген мыйзамды колдоду. Палата өкүлдөрү 16-июлда мыйзам долбоорун премьер-министр Синдзо Абэ жетектеген башкаруучу коалициянын көпчүлүк добушу менен жактап берди. Оппозиция мыйзам долбооруна бойкот жарыялаган.

"Жапониянын айланасындагы коопсуздук абалы күн сайын олуттуу болуп баратат. Бул мыйзам долбоору жапониялыктардын өмүрүн коргоп, согушту алдын алуу үчүн зарыл” деди Абэ добуш берүүдөн кийин.

Мыйзам долбоору эми Жогорку палатада каралат. Анда да Абе жетектеген башкаруучу бийлик көпчүлүк добушка ээ. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, көпчүлүк жапониялыктар бул мыйзам долбооруна каршы. Алардын пикиринде, бул мыйзам Япониянын согушка, күч колдонууга каршы өлкө идеологиясын жокко чыгарат жана Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу жапон аскерлеринин чет жерде согушуусуна алып келет.

XS
SM
MD
LG