Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Атышууну уюштурган беш согушкер кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Бишкекте эл аралык террордук топтун өкүлдөрүн кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, бешөөнү колго түшүрдү. Төртөө өлтүрүлдү. Ок атышуунун үнү угулбай калганын окуяга көз салып турган кабарчыбыз билдирди. Жай тургундар арасында курмандыктарга жол бербөө үчүн УКМК коопсуздук чараларын күчөттү.

Атышуу баш калаанын Горький жана Панфилов көчөлөрү кесилишкен жерде бүгүн кечки саат 6:30дарда башталып, бир сааттан ашуун убакытка созулду. Окуя учурунда бир үй өрттөлүп, учурда ал жерде өрт өчүргүчтөр иштеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG