Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Апта: Ак үйдөгү пара жаңжалы, ИМдин карааны


16-июлдагы антитеррордук операциядан бир көрүнүш
16-июлдагы антитеррордук операциядан бир көрүнүш

Узап бараткан аптада коррупциялык жаңжалга байланыштуу Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев убактылуу кызматынан четтетилди. Улуттук коопсуздук кызматы Бишкекте эл аралык террордук топко каршы операция жүргүздү. Кыргызстан менен АКШнын мамилесин Азимжан Аскаровго ыйгарылган сыйлык сыноого алды.

Президенттин аппарат башчысы кызматынан четтетилди

Президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты башчыларсыз калды. Мамлекет башчынын эң жакын жан-жөкөрлөрү коррупция жана рейдерлик боюнча жаңжалдарга байланыштуу кызматынан кетишти.

“Майдан” гезитине берген маегинде “майлуу-сүттүү кызматымдан” кеттим деп кайгырган Икрамжан Илмиянов “Вечерний Бишкектин” айланасындагы жаңжалдарга байланыштуу президенттик аппараттын биринчи орун басары кызматынан апрель айынын соңунда кеткен эле.

Эми Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев кызматынан четтетилип отурат. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов менен “табакташ” болгон деп шектелүүдө. Ошондуктан президент тергөө учурунда кызматтан четтетип турууну чечти.

Хажимурат Коркмазов болсо Нариман Түлеевди абактан бошотууга, мүлкүн сактап калууга жардам берүүнү убада кылып, кызматына 200 миң доллар сурап, 100 миң доллар алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук кызматы кабарлады.

Коомчулукта Коркмазовдо сотторго таасир эте турган бийлик да, ыйгарым укук да жок, ошондуктан ал ортомчулук ролду аткарып, анын артында таасирлүү бирөө турат деген шек пайда болду. Ага удаалаш Коркмазов жана Нариман Түлеевдин жакындарын Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев менен бир нече ирет кабыл алганы маалымдалды.

Данияр Нарымбаев өзү да андай жолугушуулар болгонун тастыктады:

- Хажимурт Зулкарнаевич Коркмазов менен жакшы таанышмын. Мага көп келчү, ар кандай маселелер боюнча көп маектешчүбүз. Бул маселе боюнча да сөз болгон. Мындан үч-төрт күн мурун мага келип, "Нариман Түлеевдин кызын кабыл алып коёсузбу" деп сунуш кылган. Мен кабыл албай турганымды айткам. Себеби ага чейин эки ирет кабыл алгам. Мындан эки-үч ай мурун кабыл алып, арызын уккам.

Данияр Нарымбаевдин сөзү боюнча, Нариман Түлеевдин кызы камакка алынган мүлк маселеси боюнча арызданган. Нарымбаев аны сот жана прокуратурага жөнөткөн.

Президенттин эң жакын адамдарына көлөкө түшүргөн бул окуя эмне үчүн ачыкка чыгып кетти, эмне үчүн “сынган кол жең ичинде калбады” деген суроолор чыгат. Бир жагынан президент Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аёо болбойт деген принциби ишке ашып жатабы деп жоорууга болот. Айрым саясатчылар Данияр Нарымбаев КСДПга атаандаш “Ата Мекендин" лидери менен жакын болуп, ушундай тагдырга кириптер болду дейт.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков да мына ушундай божомол чындыкка жакын болушу мүмкүн деп, ошол эле учурда президент Атамбаевдин коррупцияга аралашкандардын баарын кармагыла деген буйругунун негизинде күч структуралары бул өтө жаңжалдуу ишти сыртка чыгарып жибериши да ыктымал деди:

- Күнөөсү болобу-болбойбу, далилденеби-далилденбейби, аппараттын жетекчиси кызматына кайтып келүүгө моралдык укугу жок. Саясатты, мамлекетти кызматты жакшы билген адам катары айтайын, Коркмазов бул ишти өзү эмес, сөзсүз түрдө бирөөнүн көрсөтмөсү же ага ишенип жасаганы логика боюнча баарыбызга маалым. Анткени Коркмазов өзү жөнөкөй эле депутат. Бирок Коркмазовдун чыныгы кожоюну Нарынбаев экенин билебиз. Нарымбаев өзү деле "көп жолу жолуккам, мамилем жакшы" деп моюнга алып жатпайбы. Фракцияларды талкалоо боюнча мыйзамды Нарымбаев даярдап, Коркмазов аркылуу парламентке алып чыгып, фракцияларды талкалаган.

Равшан Жээнбеков президент Атамбаев конституциялык реформадан баш тартары менен реформанын демилгечилеринин бири болгон Данияр Нарымбаев кызматынан кетиш керек эле деген пикирин кошумчалады.

АКШ менен Кыргызстанды араздаштырган сыйлык

Кыргызстан менен АКШнын ансыз деле солгундап бараткан мамилеси кескин бузулуу жагына бурулду. Буга Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин “Адам укугун коргоочу” сыйлыгы Азимжан Аскаровго ыйгарылышы себепкер болду.

Аскаров 2010-жылы улуттар аралык жаңжал боюнча айыпталып, сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок Кыргызстандагы бир катар укук коргоочулар жана эл аралык коомчулуктун бир бөлүгү Аскаровдун күнөөсү далилденген эмес деп келатат.

Мына ошондой пикирдегилердин бири “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдирасулова:

- Далилдери жок. Экинчиден, ал киши кармалгандан баштап Кылмыш кодексинин жоболору сакталган эмес. Иш жүзүндө ал адвокатсыз калган. Калп эле бир адвокатты аташкан. Бирок ал ага бир жолу кирип койбостон эле документтерге кол коюп берген. Ал эми Бишкектен, Жалал-Абаддан жөнөтүлгөн адвокаттарды уруп-сабап, жанына жолотпой коюшкан. Сотко чейин ал иш жүзүндө адвокатсыз калган. Ушул фактынын өзү эле ишти кайра караганга жатат.

Азиза Абдирасулова Азимжан Аскаров июнь коогасына чейин Базар-Коргон райондук милициясындагы кыйноо фактыларын ачыкка чыгарып, милиция башчылары менен тирешип калганы да Аскаровдун камалышына алып келген факторлордун бири экенин кошумчалады.

Азимжан Аскаровду 2010-жылы күз айларында райондук, облустук соттор июнь айындагы башаламандыкты уюштуруучулардан болгон, Ош-Бишкек жолун тоскон жана милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө катышкан деген айып боюнча күнөөлүү деп тапкан. 2011-жылы Жогорку Сот төмөнкү сот инстанцияларынын чечимин күчүндө калтырган.

Мына ушундай талаштуу тагдырга туш болгон адамга сыйлыктын ыйгарылышына өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги эмоциялуу билдирүү жасап, "оор кылмыштар боюнча соттолгон адамга сыйлыктын ыйгарылышы республикадагы улуттар аралык ынтымакка доо кетирет" деп баалады. Ошондой эле ал Транзиттик борборду чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн чечимине жооп катары бааланат деген.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнөн кийин кыргыз парламенти да билдирүү менен чыгып, анда Азимжан Аскаровго сыйлыктын ыйгарылышы кескин айыпталды. Ал эми өкмөт андан ары кетип, Кыргызстан-АКШ кызматташуу боюнча 1993-жылы кол койгон келишимден чыгарын билдирди.

Кошмо Штаттар менен мамилени бузуу АКШга эмес, Кыргызстанга көбүрөөк зыян алып келиши менен опурталдуу. Республиканын атайын кызматтарынын генералы Марат Иманкулов кыргыз бийлиги эмоцияга алдырып, тез арада кескин билдирүү жасашын чекилик дейт:

- Ушундай чоң мамлекет, улуу держава менен нота аркылуу айтышууга эгемендүү мамлекет болгондуктан укугубуз бар. Бирок укугубуз бар деп, эки мамлекеттин ортосунда мамилени татаалдаштырып жибергендин бизге пайдасы барбы? Менин оюмча, пайдасы жок. Алар менен эгемендүүлүгүбүзгө эч кандай шек келтирбестен, башка жол менен сүйлөшсөк болот. Катуу айтсак да болот. Бирок "силер мындай кылсаңар, мындай жооп аласыңар" деген конфронтация эмнеге алып келери да белгилүү.

Марат Иманкулов Кошмо Штаттар менен башкача жол менен, бир адамдын айынан жалпы мамлекетке зыян алып келбегендей сүйлөшүүгө болорун кошумчалады.

ИМдин жоочулары жок кылынды

Кошмо Штаттардын Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгаруусу Кыргызстанда дипломатиялык жаңжал жаратып жаткан күндөрү, 16-июлда Улуттук коопсуздук кызматы Бишкекте эки жерде антитеррордук операция жүргүздү. Анын бири борбордогу Максим Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдө болсо, экинчиси Лебединовка айылындагы ГЭС-5 районунда өткөрүлдү.

УКМКнын маалыматы боюнча, эки операция учурунда жоочу деп шектелген төрт киши жок кылынды. УКМК алар "Ислам мамлекетине" ант берген казакстандык такфиристтик уюмдун мүчөлөрү болгонун кабарлаган. Бирок Казакстандын Коопсуздук комитетинин антитеррордук борбору 17-июлда казакстандык жарандар Альберт Абхин менен Жанбулат Амиров Казакстан аймагында террордук уюмду түзүп, жетектегендиги тууралуу медиа каражаттары тараткан маалыматтарды төгүндөгөнү маалым болду.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов террордук деп аталып жаткан уюмдун башчысы жана алардын максаттары тууралуу буларды билдирген эле:

- Мурун издөөдө жүргөн Казакстан жараны Жанбулат Амиров ошол топтун башында турганы аныкталды. Атайын операциянын жүрүшүндө Амиров жок кылынды. Алар Бишкек шаарында Орозо айт күнү айт намазда жардыруу уюштурмак. Ал үчүн колго бомба жасоо үчүн 500 килограмм аммиак селитрасын сатып алышкан. Андан кийин Канттагы авиабазада терракт уюштурууну көздөшкөн.

Жок кылынган Жанбулат Амиров апрель айында Кыргызстан абагынан качып чыккан Казакстандын эки жаранынын бири. Анын шериги Альберт Абхин 1-июлда милиция кармаар алдында өзүн-өзү жардырып жиберген.

УКМКнын маалыматы боюнча, 17-июлдагы операция учурунда жети киши кармалды. Жети автомат, беш тапанча жана көптөгөн граната, ок-дарылар, ири өлчөмдөгү акча алынды.

Атайын кызматтардын генералы Токон Мамытов "Ислам мамлекетинин" курамында жүзгө чукул улут бар экенин, алар өздөрүнүн өкүлдөрүн Борбор Азия регионуна, анын ичинде Кыргызстанга жөнөтүп жатканын белгиледи. Ошондуктан алардын өкүлдөрү бул жерде да бар.

"17-июлда кармалган, жок кылынгандардын башчысы казак жараны экен деп, жооткоп калуунун кажети жок" деген Мамытов, диний экстремисттик уюмдардын өкүлдөрүнө каршы күрөш биринчи кезекте идеологиялык багытта болуш керектигин айтат:

- Чек араны жаап коюп, эч кимди чыгарбай, киргизбей коюу натыйжа бербейт. Бул жерде негизги маселе тарбияда. Динден мамлекет качпаш керек. Дин менен мамлекет эки башка деп, динди өзүнчө таштап койгондо "Ислам мамлекетинин", талиптердин, жихадчылардын, хизбутчулардын өкүлдөрү келип, динде жүргөн адамдардын башын айландырып, өзүнө керектүү багыттарга буруп алат. Ошон үчүн динге жардам берип, өзгөчө кадр жагынан жардам берүү керек. Азыр диний кызматкерлердин билими, кесиптик деңгээли төмөнүрөөк болуп атат. Ошону көтөрүүгө жардам бериш керек. Динге чындап ишенген адамдар өзүнчө эле турушат. Аларды сыйлаш керек.

Токон Мамытовдун айтымында, мамлекет динге жамынып, аны өзүнүн кара максатына пайдалангандарга каршы күрөшүүсү керек. Аларга каршы өзүнчө идеология, ыкмалар даярдалып, аны иштеп чыгууга окумуштуу, аалымдар тартылууга тийиш.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG