Архангельскте кумсалар 2-августта парад өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышты. Шаар башчылыгына жолдонгон арызда иш-чарага 100 чакты киши катышары айтылган. Мэрия арыз каралып жатканын билдирди.
Бул күн аймакта аба-десанттык аскерлердин күнү катары да белгиленет. Буга чейин шаар мэри Виктор Павленко сексуалдык азчылыктардын парадын ушул күнгө туштап өткөрүүгө уруксат берүүнү убада кылган болчу. Бирок Орусиядагы ЛГБТ долбоорунун негиздөөчүсү Николай Алексеев мэрдин сөзүнө ишенбестигин айтып, Павленко сөзүнө тура албайт деп билдирди.
Март айында Архангельсктеги кумсалар шаар мэрин жоопко тартууну талап кылып чыгышкан. Буга 25-февралдагы гей-жүрүштүн үзгүлтүккө учурашы себеп болгон. Шаар мэри ал жүрүшкө алгач уруксат берип, кийин чечимин кайтарып алган болчу.