Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Башкы прокуратура: тергөөгө кысым болбош керек


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Анда 23-июлда Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен өткөн митингдин катышуучулары башкы прокурордун орун басары менен жолугушуудан баш тартканы айтылат.

Башкы көзөмөл органы Данияр Нарымбаев 22-июлда УКМКнын убактылуу камоочу жайына камалганын белгилеп, ишти ар тараптуу, так, Кылмыш- процессуалдык кодекстин нормаларына ылайык иликтөө үчүн тергөөгө кысым болбошу керектигин, буга митингдер да кирерин билдирген.

Башкы прокуратура ошондой эле Данияр Нарымбаевдин иши иликтенип жатканын маалымдап, анын жыйынтыгы боюнча бардык адамдарга ээлеген кызматынан көз карандысыз түрдө укуктук баа берилерин белгилейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG