Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Түркия "эки фронтто" абадан сокку урууда


Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу Сириядагы жана Ирактагы "Ислам мамлекети" жана Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы жүргүзүлгөн аба чабуулдары аймактагы "оюнду өзгөртүшү" мүмкүн деп айтты.

НАТОго мүчө өлкөлөр Түркиянын чек арасындагы кырдаалды 28-июлда талкуулаганы жатат. Түркия өткөн жума күндөн бери Ирак менен Сириядагы согушкерлерге каршы абадан сокку уруп жатат.

Ахмед Давутоглу 27-июлда түрк маалымат каражаттарынын редакторлору менен жолугушкан кезде билдиргенине караганда, азыр аймакта "жаңы кырдаал" жаралып отурат. Анын айтымында, Түркия өз күчүн эффективдүү пайдаланып, Сирия, Ирак жана жалпы эле аймактагы оюндун эрежесин өзгөртө алат.

“Биздин өнөктөштөр Ирак менен Сириядагы операцияларыбыздан кийин жаралган жаңы жагдайлардын баарын окуп, абалды биздин позициябызга ылайык кайра карап чыгышы керек” деди түрк өкмөт башчысы. Түркия өткөн жума күндөн бери Сириядагы жана Ирактагы "Ислам мамлекети" жана Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы абадан чабуул коюуда.

Ахмед Давутоглу
Ахмед Давутоглу

Анкара “Ислам мамлекети” террорчул тобуна жана күрт жикчилдерине каршы жүргүзүлүп жаткан аскерий аракеттерди жана аймактагы кырдаалды талкуулоо үчүн 28-июлда Брюсселде НАТОнун чукул жыйынын өткөрүү демилгесин көтөрдү.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Би-Би-Сиге айтышынча, Түркия чукул жыйынды чакырууда Түндүк альянстын төртүнчү беренесиндеги - коопсуздукка жана аймактын бүтүндүккө коркунуч жаралган учурда чукул жыйын чакыруу укугунан пайдаланды.

- Менимче, Түркиянын мындай жолугушууну сурап жатканы туура жана өз убагында болгон иш. Биз Сирияда, Иракта жана НАТОнун чек арасына жакын жерде туруксуздук жана дүрбөлөң болуп жатканын көрүүдөбүз.

26-июлдагы нааразылык акциясы
26-июлдагы нааразылык акциясы

Ал эми АКШ Анкара менен Күрт жумушчу партиясын күч колдонуудан оолак болууга чакырып, бирок Түркия күрт жикчилдеринин чабуулдарынан коргонууга укуктуу экенин белгиледи.

Ахмед Давутоглунун айтымында, жөө аскерлерди Сирияга жөнөтүү азырынча пландалган жок. Ал эгер Түркиянын коопсуздугуна коркунуч жаратпаса, Сирия президенти Башар Асад менен кызматташууну токтотсо жана оппозицияны колдосо, сириялык күрт жумушчу топтор менен кызматташууга даяр экендигин да айтты.

Сириялык күрт жумушчу тобу Ирактагы Күрт жумушчу партиясынын бир бутагы. Ошол эле кезде Ирактагы Сулаймания шаарында өткөн нааразылык акциясы учурунда атын атабаган күрт өкүлү Түркиянын аба чабуулдарын айыптады.

- Биз Түркияга кыжырланып жатабыз. Түркия - террорчу, күрттөрдү басып алган. Биз мындан ары чыдабайбыз. Өз укуктарыбызды талап кылабыз. Өзүбүздүн тарыхыбыз, маданиятыбыз, дилибиз болушу керек. Түркия күрттөрдү бомбалаганы үчүн талаптарыбыз күчөйт.

Газидеги нааразылык акциясы
Газидеги нааразылык акциясы

Буга чейин расмий Анкара Сириядагы кризиске түздөн-түз катышуудан карманып келген. Ал эми 26-июлда Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн лагерлерине жасалган аба чабуулдары 2013-жылдан берки тынчтыкка жана жарашуу процессине коркунуч жаратууда. Күрдистан жумушчу партиясынын айтышынча, бомба чабуулдарында алардын Ирактагы Дахук жана Эрбил шаарларындагы позицияларына сокку урулган.

Түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, өткөн жума күндөн берки чабуулдардан Сирияда жана Иракта 37 согушкер жок кылынды. Ал арада Түркиянын өзүндө да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

27-июлда Анкарада "Ислам мамлекети" тобу менен байланышта делген 15 адам кармалды. Ал эми Күрдистан жумушчу партиясы менен катышы бар деп түштүк-чыгыштагы Адыяман шаарынан дагы 19 киши камакка алынды. Анкара өткөн жумадан бери "Ислам мамлекети" террордук тобу жана Күрдистан жумушчу партиясы менен байланыштагы 800дөн ашык адамды камакка алганын айтууда.

Түркиянын чек арасындагы жаңы жаңжал 20-июлда Сирия менен чек арага жакын Суруч шаарындагы күрт активисттери уюштурган иш-чара учурундагы жардыруу 32 адамдын өмүрүн алгандан кийин тутанды. Күрттөр муну “Ислам мамлекети” тобунун Түркия бийлиги менен байланышы бар согушкерлери кылган деп шектенип, түрк аскерлерине кол салууларды уюштурган. Андан эки аскер курман болгон. Ошондон кийин Анкара Ирактагы күрттөрдүн жана Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун турумдарына абадан сокку урууну баштаган.

XS
SM
MD
LG