Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

"Сорос" Мамкаттоо кызматына маалыматтык система түзүүдө колдоо көрсөттү


Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү башкаруу органдарында электрондук башкаруу системасын киргизүү тууралуу программанын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын ачык маалыматтар порталын түзүү боюнча долбоор ишке кирген.

Бүгүн порталдын ачылыш аземинде Мамлекеттик каттоо кызматы, "Сорос" фонду, маалыматтык система түзгөн программачылар биримдигинин өкүлдөрү журналисттерге маалымат беришет.

Мамлекеттик каттоо кызматындагы ачык маалыматтар порталында өлкөнүн даректүү маалыматтары, тагыраак айтканда, бардык көчөлөрдүн жана турак жайлардын номерлери киргизилген. Бул өз кезегинде тийиштүү тараптарга калк үчүн зарыл болгон навигациялык кызматтарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берери маалымдалды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG