Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Токмок шаардык ИИБнын башчысы мушташка байланыштуу иштен алынды


Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Кашкаралиев баш болгон шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан 5-6 кызматкер Токмок шаарында 27-июлда болгон кыргыз-дунган жаштарынын мушташына байланыштуу жетиштүү чара көргөн эмес деген негизде кызматтан алынды.

27-июлда Токмоктогу "Булак" базарында 20-25 жаштагы кыргыз жана дунган улутундагы адамдар мушташкан. Жаңжалды басууга барган милицияга да кол көтөрүлгөн. Жаңжал боюнча кылмыш иши козголгон.(AzK\EBM)

XS
SM
MD
LG