Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

Бишкек-Ош жолу боюнча мамдирекциянын башчысы алмашты


Жаныбек Алиязов Унаа жана байланыш министрлигинин алдындагы Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Ызатбек Токтомамбетов дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекемеден билдиришти. Жаңы жетекчи мурда дирекциянын жооптуу кызматтарында иштеген.

Өткөн айда министрликтин коллегиясында жумуштагы кемчиликтер үчүн бир катар кызматкерлерди иштен бошотуу чечими кабыл алынган. Алардын арасында Алиязовдун фамилиясы да аталган. (SE)

XS
SM
MD
LG