Ооганстандын борборунда полиция жана аскердик мекемелерге болгон чабуулдун натыйжасында бери дегенде 42 адам каза болгонун Би-би-си маалымдайт.
Кабулдагы Коргоо министрлигинин алдындагы автоунаанын жарылышынан 15 адам набыт болуп, 400дөн ашыгы жарадар болсо, андан көп өтпөй полиция академиясындагы чабуул көптөгөн кырсыкты алып келди. Эки террористтик чабуулга тең “Талибан” кыймылы жоопкерчиликти өзүнө алды.
Жергиликтүү полиция кызматкеринин Reuters агенттигине берген маалыматында, жанкечти полиция кызматынын кийимин кийип, өзүн жардырган. Окуя академиянын калың студенттеринин арасында болуп, жарылуу имараттын алдына чейин жеткен.
Мындан башка Кабулда үчүнчү жарылуу болуп, эл аралык "Касаба" аба майданында орун алды. Алдын ала маалыматтарда чабуулчулар эл аралык күчтөрдүн аскер базалары жана имараттарын жардырууну максат кылышкан. (SDz)