Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Грузияда байыркы мончонун орду табылды


Грузия
Грузия

Грузиялык археологдор Тблисиде байыркы доорго таандык уникалдуу мончонун калдыктарын таап алышты. Болжол менен биздин заманга чейинки 2-3 –кылымдарда салынган мончо табигый ысык суу менен камсыздалып, ага жалаң бай кишилер эле түшө алган. Казуулар учурунда ошондой эле айнек, керамикадан жасалган буюм-тайымдар, тыйын өңдүү бир топ артефактар табылды. Буга чейин Тбилисинин 5-кылымда түптөлгөнү айтылып келген. Грузиянын улуттук музейининн илимпоздору эми тарых китептери кайра жазылып чыгышы мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG