Согуш тутанган аймактагы шаар жана айылдарда акыркы суткада өкмөт күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер арасында ок атышуу күчөдү. Жергиликтүү калк муну акыркы үч айдагы “эң токтоосуз” атышуу деп сыпаттап жатышат.
Маалыматтарга караганда, 17-августта Мариупол калаасында артиллериялык аткылоодон жети киши мерт кетти. Телеканалдар Сартана конушунда талканалып жаткан үйлөрдү көрсөттү. Ошондой эле мунай сактаган кампа да кыйраган. Аталган конушта да эки киши каза тапканын полиция кабарлады.
Жикчилдер Горловка шаарында үч аскерин жоготконун билдирүүдө. (SE)