Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:01

Партиялардын курултай өткөрүү мөөнөтү аяктады


Борбордук шайлоо комиссиясынын эрежесине ылайык, шайлоого катышууга ниеттенген партиялар 20-августка чейин курултайга чогулуп, талапкерлердин тизмесин аныкташы керек. Тизмени тапшыруунун акыркы мөөнөтү - 25-август.

4-октябрда болчу шайлоого катышуу максатында алгач 30 ашуун партия арыз берген. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын ичинен тийиштүү талаптарды аткарган 11 партия гана шайлоого катышары күтүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин КСДП, “Ата Мекен”, “Республика Ата-Журт”, “Бир Бол”, “Ар-намыс”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Замандаш”, “Азаттык”, “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” жана “Мекен Ынтымагы” партиялары курултайларын өткөрүп, тизмелерин жарыялашты. (SE)

XS
SM
MD
LG