НАТО Украинанын чыгышындагы жикчилдердин башка аймактарды ээлеп алууга жасалган аракети пайдасыз экендигин Москвага эскертти. Билдирүүдө айтылгандай, уюмга мүчө 28 мамлекет согушту токтотуунун жолдорун талкуулады жана жаңжалды жайгаруу үчүн Орусиянын алдында “саясий чечим табуу” милдети турат деген бүтүм чыгарышты. Ошондой эле документте чатакташып жаткан эки тарап тең тынчтык орнотууга жоопкерчилик менен мамиле жасашы зарыл экени белгиленет.
Соңку күндөрү Мариуполдо уланып жаткан согуштук аракеттерден улам бир канча адам набыт кетти. Ал эми 2014-жылдын март айында тутанган жаңжал жалпысынан 6400 кишинин өмүрүн кыйды. (SE)