Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

Эркеч-Тамда үч жүздөн ашык жүк ташуучу унаа кармалып турганы айтылууда


“Азаттыкка” байланышка чыккан ишкерлер Оштогу кыргыз-кытай чек арасындагы Эркеч-Там көзөмөл бажы бекетинде, Кытайдан келе жаткан үч жүздөн ашык товар жүктөгөн КамАЗ кармалып турганын билдиришти.

Алардын бири Рустам Айталиев:

- Кыргызстан ЕАЭБге кирет деп 12-августтан бери турабыз. Азыр 350дөй КамАЗ болуп калды. Бажычылар болсо себебин жакшылап түшүндүргөн жок. Кытайдан кийим-кече, товар алып чыккан элек, – деди.

Бул тууралуу бажы кызматынан маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Буга чейин Бажы кызматынан Кыргызстан ЕАЭБга толук укуктуу мүчө болгон күндөн тарта Кытайдан ташылып келген товарларга бажы төлөм үч-төрт эсе жогоруларын маалымдаган. (Bch/TSh)

XS
SM
MD
LG