Кыргызстанда 25-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5..., күндүз 9...14,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз 20...25 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус жылуу болот.