Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Орусия: кыз-жигитти урган дагы бир видео тарады


Иллюстрация
Иллюстрация

Өздөрүн “патриот" деп атагандардын дагы бир видеосу интернетке тарады. Адам укугун коргоочулар күч органдарынын мындай көрүнүштү жоюуга чара көрбөгөнүнө нааразы.

Түн ичинде тартылган төрт мүнөттүк видео тасмада кыргызча сүйлөгөн эркектер тобу кыргыз келинди жана өзбек улутундагы жигитти уруп, суракка алып жатканы түшүрүлгөн.

"Атың ким? Каяктан келгенсиң? Күйөөң бар болсо түн ичинде башка адам менен эмне кылып жүрөсүң?.. Сен Намангандан келгенсиңби? Никең барбы? Кайсыл жумушту бүтүрүп жүрөсүң?" деп үстү-үстүнө суроо жаадырган топтон корккон келин менен жигит жашын, аты-жөнүн, туулган жерин, Орусияда жашаган дарегин ачык айтышкан. Бирок окуя каерде болгону жана качан тасмага тартылганы беймаалым.

Видео интернетке бир нече күн мурун жүктөлүп, кызуу талкууга жем таштаган. Анда ой-пикир жазгандар тасмадагы чоң муштумдар өздөрүн “патриот” деп атагандар болушу мүмкүндүгүн жазышууда.

Мындан эки-үч ай мурун эле "патриотпуз" дегендердин эки видеосу интернетке тараган. Анын биринде 19 жаштагы кызды “башка улуттун өкүлдөрү менен жыныстык катнашта болгонсуң” деп, экинчисинде өзбекче сүйлөгөн жигитти "кыргыз кыздары менен жүргөнсүң" деп айыптап, уруп жатканы көрсөтүлгөн.

“Патриоттордун” мындай жосуну коомчулук тарабынан ар кандай пикирлерди жаратууда. Көпчүлүк жигиттердин аракетин айыптаса, күнөөнү кыздардын өзүнө оодаргандар да бар. Мындай тасмалардын интернеттен байма-бай жарыяланышы Орусияда иштеген кыргыз кыз-келиндерин да сестентип келет.

Венера Токторова алты жылдан бери Москвадагы кафелердин биринде администратор болуп иштейт. Анын айтуусунда, башка улуттун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн кыргыз кыздарын күнүмдүк жашоодо көп учураткан.

- Мындай видеолорду көп көрүп калабыз. Ал видеолорду Орусияга келген жаш кыздар көрүп, коркушу мүмкүн, бирок, калгандары сестенбей жатпайбы. Эгер коркушса, үч жылдан бери мындай жоруктарды кылбай калышат беле. Чынын айтсам, видеолорду көрүп, кыздарга бооруң ооруйт, ал да бирөөнүн кызы.

Кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүнө каршы чыккан топ 2012-жылы Орусияда пайда болгон. Алар кармаган кыздарын жылаңачтап чечинтип, сабап, суракка алып жаткан видеосун интернетке жайылтып келишет. Мындай окуялар боюнча ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов жогорудагы тасма боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын айтып, буга чейинки 19 жаштагы кыздын видео тасмасы боюнча иш козголгонун кошумчалады:

- Тасма боюнча тиешелүү кызматкерлерибиз иш алып барып жатат. Буга чейинки видеодогу 19 жаштагы кыздын окуясы боюнча биз бардык материалдарды топтоп, Орусиянын укук коргоо органдарына өткөрүп бергенбиз. Иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Анткен менен бир катар адистер укук коргоо органдарынын ишин сынга алууда. Алардын бири юрист Лейла Сейитбек окуя коомчулукка белгилүү болгондон кийин эле тиешелүү органдар иш козгогонго милдеттүү деди:

- Маселен, мен тасмаларды карап отуруп, Кылмыш - жаза кодексинин бир катар беренеси боюнча мыйзам бузулганын байкадым. Ошол эле денесине залака келтирүү, адам уурдоо, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр, зордуктоо, талап-тоноолор да жок эмес. Билишимче, кыздардын бири каза болгон. Демек, адам өлтүрүү фактысы да кошулат. Ушунун баарын карап отуруп, мен биздин укук коргоо органдарынын аракетсиздигине таң калып жатам.

Мындай окуялар Орусиядагы эмгек мигранттары арасында маал-маалы менен кайталанып келет. Кордолгон кыздардын укуктары корголуп, алардын адамдык беделине шек келтиргендердин аракетине укуктук баа берилиши зарыл дешет адистер.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG