Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

“Сапаргүл операциясы" башталды


Кыргызстанда жарандык коом Орусиядагы кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулагандарды издеп табуу боюнча демилгелүү топ түздү.

Бул топ “Сапаргүл операциясы” деген акция баштап, өздөрүн “патриоттор” деп атагандардын айрымдарына сүрөттөрү менен издөө жарыялады.

Жарандык коом тартип коргоо органдарын бул фактылар боюнча жетиштүү иш алып барбай жатат деп күнөөлөөдө. Интернетте пайда болгон соңку видеодо кызды чырылдатып, жансоогалатып суракка алып аткан балдардын экөөнүн жүзү көрүнүп калган экен.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова демилгелүү топ алардын сүрөттөрүн чыгарып, издөө жарыялап жатканын билдирди. Укук коргоочу тартип коргоо органдары бул окуялар боюнча жетиштүү иш алып барган жок деп сынга алды:

- Биздин тартип коргоо органдарынын көңүлүн буралы деп жатабыз. Ушунча видеолор илинип атса деле унчукпай эле отурушпайбы. Ошондуктан видеодогу экөөнүн сүрөттөрүн кимдер экенин аныкташ үчүн тартып алып, таратып атабыз.

Бул видеолор Сапаргүл аттуу келинден башталган. Сапаргүлдүн окуясы боюнча Орусиянын Екатеринбург шаардык полициясы кылмыш иш козгогон. Жабыркаган келин кордогон балдарды издөө солгун жүрүп жатканын, экөө кармалып койо берилгенин “Азаттыктагы” маегинде айтып берди:

- Кордогон балдардын алты-жетөөнүн аты-жөнү, кайсы жерден болоору белгилүү болгон. Мунун баары милицияга берилген. Издеген-издебегенин билбейм. Мисалы, Илхам деген бала Ошто ооруканада жатат деп айтып жатышат. Эки бала кармалган. Аларды "шаардан чыгып кетпейм" деген тил кат менен кайра эле коё беришиптир. Ал балдар Илхамды билебиз деп атышат. Ушул боюнча деле иштешсе болмок. Аларды сурап туруп эле кайра коё берип атышпайбы.

Антсе да Орусиядагы Кыргызстандын консулдугу иш көзөмөлдө экенине ишендирүүдө. Консулдуктун атташеси Азат Береналиев буларды маалымдады:

- Биз бул ишти көзөмөлгө кармап турабыз. Ар бир жума сайын эмне болду деп чалып турабыз. Биз өзүбүз издөө органы болбогондон кийин башка кошумча иш жүргүзө албайбыз. Алардын ишине эле ыраазы болуп, жөнөтө турган каттарды жөнөтүп, кайрылууларды жазып көзөмөлгө алып отурабыз. Орусиянын ички иштер органдары кылмышкерлерди издеп жатат. Бул иш тууралуу Оштун милициясына Интерпол аркылуу негизги шектүү адам тууралуу суроо-талап жөнөтүлгөн. Анын жөнөтүлгөнүнө 1-2 ай болуп калды. Бирок катка жооп келе элек.

Кыргызстандын тартип коргоо органдары мындай дооматтарды четке какты. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов кыргыз милициясы орусиялык кесептештери менен бул жаатта кызматташып жатканын билдирди:

- Интернетте пайда болгон материалдардын негизинде кыргыз милициясы өзүнө тиешелүү бүт иш-чараларды жүргүздү. Биздеги материалдардын бардыгы тең Орусиянын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн. Биздин Москвадагы Ички иштер министрлигинин өкүлү да бул ишти көзөмөлдөп жатат. Кылмыштын бетин ачуу, ордунда калтырбоо аракети жасалып атат.

Кыздарды ур-токмок, ыплас сөздөр менен аёсуз кордоп, суракка алган видеолор бир нече айдан бери тыйылбай, тынбай интернетке жарыяланып келе жатат. Милиция "патриоттордун" изине түшкөнү менен азырынча жыйынтык чыга элек.

XS
SM
MD
LG