Бишкек-Торугарт жолунда кырсыкка кабылып мерт кеткен 7 кишинин төртөөнүн тек-жайы аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, каза тапкан кишилер төмөнкүлөр:
Орозбеков Азамат Сапар уулу, 24 жашта, Ысык-Көлдүн Түп районунун Ак-Булак айылынын тургуну, “Хонда-Одиссей” айдоочусу,
Андагулова Жаңыл Аманатовна, 41 жашта. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылынын тургуну,
Исаева Чынара Рыскуловна, 44 жашта, Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылынын тургуну.
Касымалиева Анара Эсенбековна, жашаган жери, туулган жылы азырынча маалым эмес.
Набыт кеткен дагы үч адамдын аты-жөнү жана кай жерлиги аныктала элек.
Жараат алгандар:
Ильяз Тулеев, 30 жашта, Бишкек шаарынын тургуну, “Лексус-470” айдоочусу
Тулеева Назгүл Турсунбековна, 52 жашта. Бишкек шаарынын тургуну.
Бүгүн, 26-августта эртең менен саат сегизге жакын Бишкек-Торугарт жолунун Кең-Булуң айылындагы бөлүгүндө “Хонда-Одиссей” менен “Лексус-470” кагылышкан.
Маалыматтарга караганда, “Хонда-Одиссейдин” айдоочусу жол эрежесин бузуп, карама-каршы каттамга чыгып кеткен. Катуу кагылыштан автоунаа экиге бөлүнүп, ичиндеги алты жүргүнчү жана айдоочу каза тапкан.
Ал эми “Лексус-470” унаасы саатына 125 чакырым ылдамдыкта баратканы аныкталды. Андагы эки адам жараат алган. Ысык-Ата райондук милициясы окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. (SE)