Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Улуттук банк «Росинбанкка» түз көзөмөл киргизди


Кыргызстандын Улуттук банкынын көзөмөл комитети бүгүнтөн тарта банктык операцияларды контролдоо үчүн «Росинбанкка» банктык түз көзөмөл киргизгенин кабарлады.

Буга Орусиянын Борбордук банкынын кечээ, 27-августта чыгарган чечими негиз болду.

Кыргыз Улуттук банкынын белгилешинче, түз банктык көзөмөл киргизүүнүн негизинде «Росинбанктын» ишмердүүлүгү чектелбейт, азыркы учурда ал штаттык режимде иштеп, лицензияда каралган бардык операцияларды жүргүзүүдө.

Орусиянын Борбордук банкы кечээ Кыргызстандагы «Росинбанктын» акцияларынын 90% ээлик кылган «ИТБ Холдингдеги» эки банк - "Инвестторгбанк" жана "ВОКбанкка" убактылуу администрация режимин киргизген. Мындай чечим аталган банктардын финансылык абалын изилдөө максатында кабыл алынганы орус Борбордук банкынын сайтында кабарланган. Убактылуу администрация учурунда акционерлердин уставдык капиталга катышуу укуктары жана башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары токтотулат.

«Росинбанктын» акцияларынын калган 10% Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк фонду ээ.

Аталган банк кечээ өз сайты аркылуу кардарларына кайрылып, Орусиянын Борбордук банкынын жогорудагы чечими анын операциялык ишмердүүлүгүнө эч кандай таасир тийгизбей турганын, себеби убактылуу администрациялоо режими киргизилген "Инвестторгбанк" менен таптакыр байланышы жок экенин жарыялаган болчу.

"Росинбанк" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакындарына тиешеси бар деген "Залкар Банктын" ордуна түзүлгөн. Орусиялык "ИТБ Холдинг" "Залкар Банктын" акцияларынын 90% 2013-жылы 4 миллион долларга сатып алган. (RK)

XS
SM
MD
LG