Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

АКШ экономикасы ылдам өсө баштаганы жарыяланды


Нью-Йорктун фондулук биржасынын далдалдары акциялар 300 пунктка өскөнүнө сүйүнүшүүдө. 17-декабрь 2014
Нью-Йорктун фондулук биржасынын далдалдары акциялар 300 пунктка өскөнүнө сүйүнүшүүдө. 17-декабрь 2014

27-августта АКШнын Соода министрлигинин маалымдашынча, өткөн токсондо улуттук экономика 3, 7% өскөн. Бул биринчи кварталдагыдан 3,1% жогору.

Акыркы үч айда Жапониянын экономикасы 1, 6 % төмөндөгөн, Британиянын ички дүң жыйымы 0, 7% жана Германияныкы 0, 4 % өскөн. Францияда экономика дымып турат.

Берегидей кабардан кийин АКШнын 30 ири компаниясынын акцияларынын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн Dow Jones Industrial Average индекси 369 пунктка көтөрүлдү. Бул америкалык чоң компаниялар апта башында баалуу кагаздар рыногунда жоготкон чыгымдарды жапканга мүмкүндүк берет.

Куш кабарды уккан президент Барак Обама АКШда дале жакшы картасы бар, бирок “биз аны жакшы ойнообуз керек” деди.

XS
SM
MD
LG