Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан иштелип чыккан Саясий партиялардын этикалык кодексине бүгүн партия лидерлери кол коюшат. Бул тууралуу БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева “Азаттыкка” билдирди.
Кодекс шайлоого катышуучу тараптарды мыйзамдарды сактоого, парламентке өткөндөн кийин да коомчулук алдында маданияттуу болууга үндөйт.
Талапкерлер үчүн Этикалык кодекс жазуу демилгесин мурда бейөкмөт уюмдар бир нече ирет көтөргөн.
Буга чейин айрым депутаттардын маданиятсыз жоруктары интернетке тарап, коомчулук арасында кызуу талкууланган. (SE)