Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Кытайдагы парадга 30га жакын президент келди


Бээжинде Тяньаньмэнь аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына арналган парадга дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты. Алардын отузга жакыны президенттер. Айрым өлкө башчылары жубайлары менен келди.

Бийик даражалуу конокторду Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын лидери Владимир Путин, казак президенти Нурсултан Назарбаев, өзбек президенти Ислам Каримов парадга жалгыз катышса, Беларус президенти Александр Лукашенко баласын ээрчитип келди. Ошондой эле коноктордун арасында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жубайы менен болду.

Параддан кийин конокторго Кытайдын төрагасынын атынан сыйлуу тамак берилди. Ал эми бүгүн кечинде бийик даражалуу коноктор майрамга карата уюштурула турган гала-концертке катышат.(ZMa)

XS
SM
MD
LG