Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Молдовада өкмөткө каршы акция уланууда


Молдованын борбору Кишиневдо өкмөткө каршы чыккандардын өкүлдөрү нааразылык уланарын билдиришти. “Ар-намыс жана чындык” жарандык кыймылынын лидери Василе Настази президент акимчилигинин өкүлдөрү менен кечээки сүйлөшүүдөн майнап чыкпаганын ырастады.

"Биздин талаптарыбыз аткарылган жок, андыктан биз бул жерден жылбайбыз жана бийликке кысым көргөзүүнү уланта беребиз", - деди Настази.

Митингчилер президент Николае Тимофти жана өкмөттүн 3 коммерциялык банктан 1 миллиард евронун жоголушуна тиешеси бар деп, алардын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. 8-сентябрда президент отставкага кетпесин, бул кадам Молдованы башаламандыкка гана алып келери айтылды.

Кишиневдун борбордук аянтында жекшембиден бери нааразылык акциянын жүздөгөн катышуучусу чатырларда түнөшүүдө.

XS
SM
MD
LG